Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Баткендеги айланма жолдун курулушун улантууга даярдык көрүлүүдө


Баткенде Тажикстандын Ворух айылын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушун жандантууга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, жолдогу курууну жандантуу боюнча тапшырма берилип, тиешелүү техникалар Ак-Сай айылына жеткирилди. 10-июлдан тарта курулуш башталмакчы.

Жолду курууга даярдык көрүлүп жатканын Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев тастыктады. Ал маалымдагандай, кечээ айылга транспорт жана коммуникация министринин стас-катчысы Максатбек Дыйканов баштаган адистер келип, камылга көрүп жатышат.

Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык айланма жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуу болгон. Андан кийин да эки ортодо бул жолго байланышкан чыр-чатак токтобой келген. Өткөн аптада кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG