Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Кыргыз-тажик чегиндеги чырдын себептери иликтенүүдө


Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик чек арасында бүгүн болгон инцидент азыр иликтенип жатканын билдирди. Вице-премьер «Азаттыкка» сүйлөп, тажик тараптан окко учкандар бар экени тууралуу кабары жок экенин айтты. «Мендеги маалыматтарга караганда, эки жүк ташуучу машинеде тажикстандык тургундар Кыргызстандын Тамдык деген жеринен өтүүнү каалашкан. Алар биздин чек арачылардан өткөрүп жиберүүнү талап кылышкан. Ошондо чек арадагы аскер өзүнүн жетекчилигине бул тууралуу айтканы барганда, аны ташбараңга алышкан. Ошол маалда кыргыз чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок чыгарышканда, тажик тараптан да чек арачылар келип, алар да асманга ок чыгарышкан. Азыр эки өлкөнүн тең чек ара отряддарынын башчылары жыйын өткөрүп, окуяны талкуулап жатышат, иликтөө жүрүүдө», - деди Маматалиев.

Вице-премьер тажик тараптан бир тургун өлгөнү тууралуу кабары жоктугун да кошумчалады. Мунун алдында "Азаттыктын" тажик кызматы Исфара райондук милициясына шилтеме кылып, бул окуядан бир тажик жараны мерт болуп, бешөө жаракат алганын жазып чыккан. (TD)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG