Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады. Анын айтымында, Ак-Сай айылын облус борбору менен туташтырчу жолду Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары бууп турат. Анын айынан Ак-Сайга бара жаткан журналисттер, куткаруучулар өтө албай калды.
Баткендин Ак-Сай айылына жакын Тамдык деген жерде бүгүн түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында, чыр тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыккан.
Алдын-ала маалымат боюнча, окуядан кыргыз тараптан жараат алгандар жок. Бирок тажик тарап кагылыштан бир жараны каза болуп, бешөө жаракат алганын билдирүүдө. (BkA/JsA)