Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Жарым жылда уюшкан кылмыштуу топтун 112 мүчөсү кармалды


Жыл башынан бери Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун 112 мүчөсү кармалганын Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 4 кылмыштуу топ бар жана баары милициянын катоосунда турат. Алар Азиз Батукаев, Камчы Көлбаев, Максат Абакиров жана Алмаз Бокушев түзгөн топтор.

Мамбеталиев кошумчалагандай, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эркиндикке чыгышы кылмыш дүйнөсүнө таасирин тийгизүүдө. Учурда ал жакта үстөмдүк кылуу укугун бөлүштүрүү жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги болсо бул багытта чараларды күчөтүүгө аракет жумшоодо.

2010-жылкы окуялардан кийин мамлекеттик башкарууга келген бийлик уюшкан кылмыштуулукту тыюу убадасын берген. Күрөш этап менен жүрүп жатканы айтылып, бир катар кылмыштуу топтун лидерлери кармалган. Бирок акыркы учурда бул күрөш солгундап кеткени сындалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG