12-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 20...25, күндүз 31...36,
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,
Баткенде түнкүсүн 19...24, күндүз 31...36,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүз 32...37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27,
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12 градус болот.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градус болот.