Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Ооганстанда добуштар кайра саналат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кабулда президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында добуштарды кайра саноо боюнча макулдашуу жетишилгенин билдирди. Анын айтымында, эл аралык байкоочулардын көзөмөлүндө бардык сегиз миллион бюллетень текшерилет.

Керринин белгилешинче, эки талапкер тең добуштарды кайра саноонун жыйынтыгын таанууга убада берип, кимиси жеңишке жетишсе дагы токтоосуз улуттук биримдиктеги өкмөттү түзө турганын айтышкан. Добуштарды кайра саноо бүгүн башталат. Бюллетендер салынган шайлоо урналарын Ооганстандын баш калаасына НАТОнун аскер кызматкерлери жеткирет.

Жон Керри Кабулга 11-июлда президенттикке талапкер эки саясатчынын ортосундагы талашты жөнгөрүү максатында келген. 14-июнда болгон шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарына караганда, Ашраф Гани Абдулла Абдуллага караганда көбүрөөк добуш алган. Абдулла Абдулла шайлоо жыйынтыгы акыйкатсыз болгонун айтып келген.(AzK)

XS
SM
MD
LG