Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Ошто майып жигит токмоктон каза тапты


38 жаштагы Мухаммеджан Нышанов Ош шаарынын борбордук базарында жайгашкан чайканада 5-июлда каза тапкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Жылдызбек Маккамбаевдин бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, экинчи топтогу майыпты өлтүргөн деп шектелип бир адам камакка алынды. "Каза болгон жигит бирөөлөр менен базардагы чайканада арак ичип отурган. Сөз талашып уруша кетип, бирөөсү Мухаммеджанды чапканда ал жыгылып кетип каза болгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт тергөөчү.

Шектүүгө кылмыш кодексинин 104-беренеси (билип туруп денеге оор залал келтирүү) боюнча айып коюлуп жатат.

Маркумдун туугандары тергөө иши так жүрбөй жатканын айтып, бул киши өлтүрүүгө бир нече адамдын тийиштиги бар экенин билдирүүдө. Мухаммеджандын эжеси Махабатхан “Азаттыкка” маркумдун денесинде токмоктун бир нече изи бар экенин, окуя атайылап киши өлтүрүү беренелери боюнча тергелиши керектигин айтууда. (SA/AzK)

XS
SM
MD
LG