Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Махмуд Аббас БУУну палестиндерди коргоого алууга чакырды


Жекшемби күнү таратылган билдирүүдө Палестина лидери Махмуд Аббас Израилдин Газа тилкесин бомбалоосунан 160тан көп адам өлүп, "абал чыдагыс болуп калганын" белгиледи. Палестин лидери БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылып, “Палестин мамлекетин Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкагында коргоого алууну жана чечим кабыл алуу үчүн эл аралык комитет түзүүнү” суранды. Ал ошондой эле Израилдин бомбалоосун иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүгө чакырды.

Израил өткөн жуманын башынан бери “Коргоо чеги” деп аталган операция жүргүзүүдө. Ага жооп кылган палестиндер Израил аймагын ракета менен аткылоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG