Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Жарашуу чакырыктарына карабай Израил Газага сокку уруусун улантууда


Европа Биримдигинин жана Бириккен улуттар уюмунун чакырыгына карабай Израил менен Газа тилкесинин атышуулары уланууда. Палестин расмий адамдарынын маалымдоосу боюнча, каза болгондордун саны 173 болду. Алардын көпчүлүгү катардагы жарандар. Израилдин бомбалоосунан 17 миңден ашуун палестин үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. Палестин ракеталарынан жабыркаган жөөт жарандары болгон менен өлгөндөрү жок. Европа Биримдиги атышууну токтотуунун үстүндө иштеп жатканын 14-июлда билдирди. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ок атууну токтотууга чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG