Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Иран боюнча сүйлөшүүдө чечиле элек маселелер бар


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-июлда билдирди. Керринин айтымында, эгерде Иран келишимге жетишип, санкцияларды токтотууну көздөсө, анда ядролук отунду иштеп чыгууну кыскартыш керек. Кошмо Штаттар плутоний иштеп чыгуу үчүн даярдалган 19 миң центрифуга Иран үчүн көптүк кыларын түшүндүргөн. Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 20-июлга чейин келишимге жетишүүгө мүмкүн экенин билдирген:

- Биз 20-июлга чейин мүмкүн болушунча дагы сүйлөшүүгө үмүт артабыз. Эгерде биз келишимге жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөк, анда ага жетишибиз керек. Биз алардын баарын талкуулашыбызы керек.

Иран министри жетишилген мүмкүнчүлүктөр сүйлөшүүлөрдү 20-июлдан кийин дагы улантууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген. Ири мамлекеттер жана Иран 20-июлга чейин Тегерандын ядролук програмасы боюнча келишимге жетишүүнү белгилеген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG