Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Метро кырсыгында бир кыргызстандык жабыркаганы такталды


Москвадагы метродо болгон аварияда жабыркаган Марасулов Медербек Матмусаевич аттуу кыргыз жараны азыр №20 мамлекеттик клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына таянып билдирди.

Департамент жапа чеккендердин тизмесин аныктап бүтө элек. Буга чейин кыргызстандык беш киши ооруканага түшкөнү кабарланган. Кыргыз элчилиги тактоо иштерин улантууда.

Бүгүн эртең менен 27 жаштагы Мээрим Арунова аттуу кыргыз жараны кырсыкта каза болгону тууралуу маалымат тараган. Ал аварияда мерт кеткенби же башка жагдайда өлгөнбү, консулдук кызматтын өкүлдөрү тактап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG