Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Азербайжандан арзан кумшекердин экинчи партиясы келди


Канттын кымбаттап кетишине байланыштуу кыргыз өкмөтү Азербайжандан ири өлчөмдө арзандатылган баада кумшекер алууда. 10 миң 48 тонна кумшекер алуу боюнча келишим өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду жана Азербайжан кант заводу ортосунда өткөн айда түзүлгөн. Анын алгачкы партиясы 6-июлда келген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Азербайжандан келген кумшекердин баасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 44 сом 80 тыйындан болот, ал эми республиканын түштүгүндө транспорт чыгымдарын кошкондо 46-47 сомдон сатылат.

Азербайжан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кант өндүрүү боюнча алдыңкы мамлекеттердин бири.

Кыргызстандын базарларында ушул тапта кант 53 сомдон 60 сомго чейин сатылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG