Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Журналист Павел Шеремет ОРТдан кетти


Орусиялык белгилүү журналист Павел Шеремет Москванын Украинадагы саясатына нааразылык иретинде ОРТ каналынан кетти. Шеремет Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, Украинадагы кризисти чагылдырууда “Кремлдин пропаганда стилине” макул болбогон журналисттер “куугунтукталууда”. Ал Кремлден жетекчилерине телефон чалып, материалдарынын мүнөзүнө нааразылык билдирип келишкенин айтат. ”Менин Украина боюнча позициям өзгөргөн жок, Крымдын аннексиясын жана чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоону кандуу авантюра жана Орусия саясатынын чоң катасы деп эсептейм”, - деп жазат Шеремет. Апрелде ал мурдагы олигарх, орус бийлигинин сынчысы Михаил Ходорковский уюштурган Киевдеги “Диалог конгрессине” катышкан.

XS
SM
MD
LG