Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Ысык-Көлдө кулаган тик учакта канча адам болгону белгисиз


Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына тиешелүү Ми-8 үлгүсүндөгү тик учактын кыйроо себептери такталып жатат.

Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагына бүгүн түшкө жуук кулап түшкөн тик учакта канча адам бар экени азырынча белгисиз. Жабыр тарткандар же каза тапкандар боюнча маалымат айтыла элек.

Башкы штабдан кабарлашкандай, тик учак бутун сындырып алган альпинистти эвакуациялоо учурунда кырсыкка учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG