Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Украиналык үч жаран Кыргызстандан башпаанек сурады


Чыгыш Украинадагы кырдаалдан улам июль айынын башында үч киши Кыргызстандан башпаанек сурап кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев билдирди:

- Башпаанек сурагандардын бири 60тан ашкан айым. Экөө эркек. Алардын биринин жубайы кыргызстандык. Арыздарын кабыл алдык. Документтерин текшерип жатабыз. Украинадан үч кишиден башка эч ким кайрылган жок.

Бүгүн социалдык тармактарда Кыргызстанга 300 украиналык келгени тууралуу жазылган. Тышкы иштер министрлиги да, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги да бул маалыматты тастыктаган жок. (SE)

XS
SM
MD
LG