Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Нетаньяху Газадагы операцияны кеңейтүүгө даяр туруу буйругун берди


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху армияга Газадагы согушкерлерге каршы жердеги операцияны кеңейтүүгө даяр туруу буйругун берди. Кабинеттин 18-июлдагы жыйынында ал жалгыз аба соккулары согушкерлер Израилге ракета атуу үчүн пайдаланган тоннелдерди жок кыла албасын айтты. Палестинанын президенти Махмуд Аббас ушул эле күнү ок атышпоо жөнүндөгү макулдашууга жетишүү максатында Түркияга бармак. Буга чейин Египет сунуш кылган келишимди Хамас согушкерлери четке каккан. Израил аскерлери жердеги чектелген операцияны 17-июлда баштаган. Ошондон бери палестиналык 11 кишинин жана бир жөөт аскердин набыт болгону маалымдалууда. Буга чейин 10 күн бою Газага абадан 2 миңдей сокку урулган. Бирок согушкерлер Израилдин аймагына ракета атууларды токтоткон эмес. Бардыгы болуп Израил армиясынын операциясы учурунда Газа тилкесинде палестиналык 264 киши каза тапты, анын басымдуу көбү жайкын тургундар.



XS
SM
MD
LG