Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

“Ислам мамлекети” Багдаддагы жардырууларды өзүнө алды


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ишембиде кеминде 27 кишинин өмүрүн алган Багдаддагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды. Дүрмөттөлгөн бир нече машине Багдаддын шийилер басымдуулук кылган райондорунда жардырылган. Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында исламчыл согушкерлер жергиликтүү христиандар мусулманчылыкка өтүп, же атайын салык төлөбөсө, жапырт өлтүрүлөөрүн айтып эскерткенден кийин жүздөгөн адамдар шашылыш көчүп кетип жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG