Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкекте Газа тилкесиндеги абал талкууланат


Бүгүн Бишкекте Израил тараптан Газа тилкесине урулуп жаткан соккуларды токтотууга арналган "тегерек стол" жыйыны болот. Аны дин аалымдары жана коомдук ишмерлер чогуу өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” жыйынды уюштуруп жаткандардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди. Алар жуманын аягына чейин палестиналыктарды колдогон дагы бир катар иш-чараларды өткөрмөкчү:

- Тарых музейинде Газа тилкесиндеги бомбалоолордон каза тапкандардын, айрыкча балдардын сүрөттөрүн коюп, фотокөргөзмө уюштурабыз. Андан сырткары көңүл айтуу китебин ачабыз. Каалагандар ал китепке Палестинада жакынынан ажырагандарга көңүл айтып, ал жактагы окуялар боюнча пикирин жазып кетсе болот.

Бакир уулунун айтымында, Газа тилкесиндеги мусулмандарды колдоо боюнча кыргызстандыктардын пикири жазылган кат Тышкы иштер министрлиги аркылуу палестин өкмөтүнө жөнөтүлөт.

Бишкекте диний ишмерлер тобу жана жарандык активисттер 18-июль күнү да Израил бийлигине каршы “Мусулман мусулманга бир тууган” аттуу акция өткөргөн.

Дээрлик эки аптадан бери уланып жаткан Израил менен “Хамас” уюмунун соккуларынан 400дөн ашуун адам набыт кетти, алардын көбү палестиналык жайкын тургундар. (SE)

XS
SM
MD
LG