Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Бишкекте жер сатууга каршы митинг өтүүдө


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын 40ка чукул тургуну нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар Кара-Жыгач айылындагы 42 гектар жерди Жогорку Кеңештин депутаты Самаков мыйзамсыз кестирип алып, жер тилке катары сатып жатканын айтууда. Митингчилер жерди андан кайтарып алууну талап кылып жатат. Учурда нааразылык акциясына чыккандар менен президенттик аппараттын өкүлү жолугууда.

Депутаттын өзүнөн бул маселеге байланыштуу комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Карганбек Самаков 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын катарында Жогорку Кеңешке келген. Жакында ал "Ата Мекенди" сындап, өзүнчө партия ачканын жарыялаган.

Кара-Жыгачтагы 42 гектар жер боюнча нааразылык акциясы эки ай мурда да өткөн болчу. (UA/BkA)

XS
SM
MD
LG