Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкүлдөрү орток пикир тапкан жок


18-июлда Жалал-Абадда аяктаган жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү чек арадагы аныкталган тилкелерге байланыштуу келишимдин долбоору боюнча мунасага келе алган жок. Бул тууралуу чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, жолугушууда кыргыз тарап макулдашылган чек аранын узундугу 1003 чакырым десе, өзбек тарап 701 чакырым экенин айткан. Мындан улам эки тарап бул маселени кийинки жолугушууда карамай болду. Ал Өзбекстандын аймагында өтмөкчү.

Кыргызстан Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым, анын 1007ү такталган. Калган бөлүгүн тактоо уланууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG