Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу бүгүн уланат


Апрель окуясы боюнча айыпталгандарга өкүмдү угузуу Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда улантылат. Ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков 21-июлда өкүмдү жарыялоо тартибин аныктады. Ага ылайык, өкүм 3 күн ичинде угузулуп бүтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады.

Апрель окуясы боюнча сот 2010-жылдан бери уланат. Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Андан сырткары мурдагы бийлик тушундагы бир катар чиновниктерди 10 жылдан 25 жылга чейин камоо сунушу айтылган.

Башкы прокуратура атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүүнү сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG