Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияны күчөтүүнү талкуулоодо


Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери малайзиялык учактын кыйрашына байланыштуу Орусияга жаңы санкция киргизүү жагын сүйлөшө баштады. Жыйын алдында Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд Орусиядан Украинага курал-жарак тынбай алынып өтүп жатканын билдирди:

- Мен кечээ Донецк көчөлөрүндө Т-64 танктарын көрдүм. Модернизацияланган Т-64 танктары Донецк көчөлөрүндө жүрөт. Сиз аларды жергиликтүү дүкөндөн сатып ала албайсыз. Алар кайдан келип жатканын биз билебиз. Милдеттенмелерге жана биздин талап кылганыбызга карабай алар чек арадан улам көп өтүп келүүдө.

Бильд малайзиялык жүргүнчү ташуучу учакты атып түшүрүү орусиячыл жикчилдерди колдоп, курал-жарак менен камсыздоонун натыйжасы экенин да белгиледи.

Авиакатастрофада курман болгон 282 жүргүнчүнүн сөөгү поезд менен Харьков шаарына жеткирилди. Бул жерден “Боинг” 17-июлда учуп чыккан Амстердамга жеткирилет.

XS
SM
MD
LG