Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

"Санпанын" жанындагы кандуу окуя боюнча шектүү адам кармалды


"Санпа" заводунун жанындагы кандуу окуяга тиешеси бар деп шектелген жаран кармалды. 1965-жылы туулган бул жаран 2010-жылы июнь окуясынан кийин адам өлтүрүү, массалык башаламандыкка катышуу, талап-тоноо, зөөкүрлүк деген беренелер боюнча айыпталып издөөдө жүргөн. Ал кечээ кечинде колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Милициянын маалыматына караганда ал Сузак районундагы туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн. Шектүүнү кармоо маалында ал үйдөн кесилген мылтык жана РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылды.

Бишкек - Ош жолунун боюндагы "Санпа" заводунун айланасындагы окуяларга шектүү бул киши убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Аталган жерде 2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү жолдо бараткан жай тургундардын арасынан 12 киши өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, 30 адам жарадар болуп, 11 автоунаа өрттөлгөн. Эки адам дайынсыз жоголгон. Окуя боюнча 19 адам соттолуп, алардын бирөө 25 жылга, калган 18и өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген. (YA)

XS
SM
MD
LG