Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Малайзиядагы орус элчилигинин жанында пикет өттү


Куала-Лумпур шаарындагы орус элчилигинин жанына шейшемби күнү жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыкты. Алар Украина аймагында кыйроого кабылган учакта каза тапкан 298 адамдын өлүмүнө жооптууларды кармап, жазага тартууну талап кылышты.

Элчи Людмила Воробьева кыйраган учак үчүн жоопкерчиликти Орусия мойунуна ала электигин белгиледи. Ал окуяга украин бийлиги жооптуу экенин кыйытты.

17-июль күнү кырсыкка кабылган Malaysia Airlines компаниясына таандык учакта мерт кеткендердин 44ү Малайзия жарандарды болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG