Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Өзбекстанда тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү соттолууда


Ташкенттеги “Эзгулик” укук коргоо борбору кабарлагандай, учурда Кашка-Дарыя облусундагы сот терроризм боюнча айыпталган 66 кишинин кылмыш ишин кароодо. Алардын ичинен алты адам: үч аял жана үч эркек тыюу салынган Өзбекстан ислам кыймылынын ишине аралашкан, терроризмди пропагандалаган, өкмөттү кулатууну көздөгөн деген айып менен тогуз жылдан он беш жылга чейин түрмөгө кесилишти. Калган 60 айыпкердин соту уланууда.

Согушкерлери 1999, 2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүнө кол салган Өзбекстан ислам кыймылы Ооганстан менен Пакистандын аймагында аракеттенет жана “Талибан” менен “ал-Каидага” байланышы бар деп эсептелет. (UE)

XS
SM
MD
LG