Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Арачыларды Тоолуу Карабактагы жагдай тынчсыздандырууда


Тоолуу Карабак чатагы боюнча эл аралык ортомчулар чөлкөмдөгү курч кырдаалга, зомбулук күчөгөнүнө жана “жарандарды бутага алууга” кооптонгонун билдирди. Абалды жөндөө үчүн апта башында ЕККУнун Минск тобунун өкүлдөрү Брюсселде Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен өз өзүнчө сүйлөшүү өткөрдү. Бул топторго Орусия, Франция жана АКШ мүчө.

Армян элдүү чөлкөмдү 1990-жылдардын башындагы согушта армян аскерлери Азербайжандан тартып алган. Минск группасы 23-апрелде Венада жарыялаган кайрылууда Брюсселдеги кездешүүдө тараптарды “ар кандай зулумдукка барбоого” жана “кыштактар менен жарандарды мээлеп атууну токтотууга” чакырылганы белгиленет.

XS
SM
MD
LG