Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Сенаторлор Орусияга каршы санкцияны күчөтүүгө чакырды


АКШлык таасирлүү сенаторлор президент Обамага кат жолдоп, Орусияга каршы санкцияны дагы катуулатууга жана өзүн өзү жарыялаган Донецк элдик республикасын чет элдик террорчул уюмдардын тизмесине кошууну сурашты.

Демократтык партиянын көрүнүктүү мүчөлөрү Диана Файнштейн, Роберт Менендес жана Карл Левин өз кайрылуусунда “ДЭРдин адам укуктарын бузуп, адамдарды уурдап, кыйнаганынын далилдерди көбөйгөнү - орусиячыл эрегишчилердин лидерлери Украинанын аба мейкиндигиндеги авиалайнерлер түгүл бейкүнөө украиналыктардын өмүрүнө коркунуч туудурганын күбөлөйт” деп көрсөткөн. Кат Ак Үйдү Орусиянын коргоо, энергетика жана финансы секторлоруна каршы санкцияны токтоосуз кеңейтүүгө да үндөйт.

XS
SM
MD
LG