Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Кой-Ташта дагы бир аскер ажал тапты


Бүгүн Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Коргоо министрликке караштуу №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери муунуп каза тапты. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болду, аскер 19 жашта болчу.

- Аскердин өлүмү боюнча атайын иликтөө тобу түзүлүп, жеринде иштеп жатат. Аскер прокуратурасынан да өкүлдөр кетти. Учурда кандай жагдайда мындай кадамга барганы аныкталууда, – деп билдирди “Азаттыкка” Башкы штабдын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков.

Жакында эле Коргоо министрлигине караштуу Канттагы аскер бөлүктөн бир аскер асынып өлгөн эле. Өткөн жылы Кыргызстанда жети жоокер өз жанын кыйган. Ал эми Кой-Таштын өзүндө ушул жылдын февраль айында эле 20 жаштагы бир аскердин асынган сөөгү табылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG