Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Публицист Алым Токтомушев дүйнө салды


Бүгүн белгилүү публицист, акын Алым Токтомушев дүйнө салды. Ал узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, буга чейин “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта” “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында иштеген. Алым Токтомушев айрыкча кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошкон.

“Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары жарык көрүп, ал кыргыз адабиятында аз жана саз жазган акын катары өз ордун тапкан. Окурмандарга анын “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу публицистикалык китеби да кеңири белгилүү.

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG