Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Москвада 30 чакты “жалган психолог” кармалды


Москва милициясынын 28-июлда маалымдашынча, кармалган 27 “жалган психологдун” көбү Армения, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан. Аты аталбаган 48 жаштагы эркек жана 45 жаштагы аял баштаган топ Москвада жана шаардын чет жакаларында адамдарды массалык түрдө алдаган деп шектелүүдө. Тергөөчүлөрдүн айтышынча, “жалган психологдор” адамдардын “болочогун айтып берип”, “оорууларын дарылоо боюнча түрдүү жөрөлгөлөрдү” уюштуруп, башка жеке проблемаларын чечебиз деп алдашкан. Бул группа Москвада өзгөчө активдүү иштеген жана күнүнө аларга 100гө чейин кардар телефон чалып турган.

Полициянын маалымдашынча, жалган психологдор Москванын жашоочуларын ушундай мыйзамсыз жол менен 800 млн. рублден көп акча же 22, 8 млн. долларга алдашкан.

XS
SM
MD
LG