Президент Алмазбек Атамбаев Орозо айттагы майрамдык айт намазды Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде окуду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Намаздан соң президент «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди.
Атамбаев ар жыл сайын айт намаздарын өзү туулуп өскөн Арашан айылында мечитте окуйт. (BkA)