Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган көргөзмө өтүп жатат


Улуттук китепкана Кыргыз ССРине эмгек сиңирген актрисанын 70 жылдык мааракесине арнап уюштурган көргөзмөгө анын өмүр-таржымалына таандык сүрөттөр жана китептер коюлган. Каалоочулар 31-июль күнү кечке чейин барып таанышса болорун уюштуруучулар маалымдады.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгалдын Чаек айылында туулган. 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. Акмөөр, Уркуя, Толгонай сыяктуу образдар менен элдин эсинде калган актриса 1981-жылы 37 жашында каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG