Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Бишкекте эл ташыган кичи автобустар ишке толук чыгышты


Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыкановдун маалыматы боюнча 30-июлда жүргүнчүлөрдү ташуучу 2400дөн ашык чакан автобус ишке чыкты. Мындай чечимди айдоочулар шаар бийлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кабыл алышты.

“Жол киренин баасын көтөрүү боюнча шаардык кеңеш, айып пулдун өлчөмү боюнча Жогорку Кеңеш карайт. Жүргүнчүлөрдү ташыган жеке фирмалар талаптарын кат жүзүндө бизге жөнөтүп жатышат” деди Атыканов.

Башкалаадагы жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар 28-29-июль күндөрү жол кирени 15-20 сомго көтөрүү жана орундукка отурбаган жүргүнчүлөргө салынган 3000 сомдук айып пулду жокко чыгаруу талабы менен иш ташташкан.

Башкалаада 2500гө жакын маршруттук такси, 150 автобус жана 90го жакын троллейбус эл ташыйт. (UEz)

XS
SM
MD
LG