Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Кыргыз чек арачыларына Кытай техникалык жардам берет


Мамлекеттик чек ара кызматына караштуу Чүйдөгү 2063 номерлүү аскер бөлүгүнө Кытай өкмөтү техникалык каражаттарды берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди. 1 миллион кытай юанына барабар аскерий-техникалык каражаттарды тапшыруу салтанаты бүгүн болот:

- Жыйынга Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Райымберди Дүйшөнбиев, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигине караштуу мамлекеттик чек араны коргоо кызматынын башчысы, генерал-майор Чжан Генхен баштаган расмий өкүлдөр катышат.

Кытай буга чейин деле Кыргызстанга мамлекеттик чек араны кайтаруу ишин жакшыртуучу атайын техникаларды берген. Андан сырткары бул жаатта кыргыз өкмөтү Орусия менен да тыгыз кызматташып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG