Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Украин парламенти Яценюктун отставкасын кабыл алган жок


Украинанын парламенти премьер-министр Арсений Яценюктун отставкасын кабыл алган жок. Мындай чечимди Жогорку Рада бүгүнкү жабык жыйында кабыл алды. Жыйынга катышкан депутаттардын 16сы гана Яценюктун отставкасы үчүн добуш берди. Негизи 226 депутаттын добушу керек болчу.

Яценюк өткөн аптада кызматтан кетээрин жарыялап жатып, мунун себеби катары парламенттик коалициянын чачырашын, өкмөттүн бюджет, салык, энергетика сектору боюнча демилгелери колдоо таппаганын атаган эле. Бул мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү шарттамак. Бирок президент Петро Порошенко азыркыдай оор кырдаалда парламенттин иштеп турушу керектигин билдирген.

Өткөн аптада премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу вице-премьер Владимир Гройсманга жүктөлгөн эле.

XS
SM
MD
LG