1949-жылдын 1-августунда Жалал-Абаддын Сузак районунда туулган мурдагы мамлекет башчы 2010-жылы бийликтен кулатылып, ошондон бери Беларуста баш калкалап жүрөт.
Акаевдин бийлиги кулаган соң 2005-2010-жылдары Кыргызстанды башкарган Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенине жана өкүмзордук аракеттерине нааразылык күчөп, бийликтен айдалган. Ага Беларус президенти Александр Лукашенко өз мамлекетинен башпаанек берген. (SE)