Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Улуу Үркүндүн курмандыктары эскерилүүдө


1-август – Үркүн курмандыктарын эскерүү күнүнө карата Бишкекте жана Боом капчыгайында эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Бул тууралуу иш-чаралардын уюштуруучусу, экс-депутат Бейшенбек Абдразаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул күнү Үркүнгө байланыштуу илимий конференциялар өтүп, маркумдардын арбагына багышталып куран окулат. “Эми иш-чаралардын баары Үркүндүн 100 жылдыгына даярдык катары өтүүдө. Кудай буюрса 2016-жылы үркүн курмандыктарына арнап 100 метрлик эстелик орнотуу жана 100 көчөгө ысым берүү сыяктуу пландарыбыз бар”, - деди Абдразаков.

Үркүндү изилдөө жана анын 2016-жылы 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин да, өкмөттүн да токтому чыгып, атайын комиссия түзүлгөн. Үркүндү эскерүү күнү 2008-жылдан бери белгиленип келет.

1916-жылы падышалык Орусиянын колонизатордук саясатына каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган. Кыргыздар жөө жалаңдап Кытайга качкан, он миндеген адамдар жолдо ачкачылыктан, оорудан, сууктан кырылган.

Айрым тарыхчылар бул апаатта 150 миңдин айланасындагы кыргыз кыргынга учураган деген салыштырма божомолду айтып жүрүшөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG