31-июлда Улуттар Уюмунун жогорку даражадагы өкүлү Ян Кубиш добуштарды кайра саноону создуктуруу Ооганстандагы саясий-экономикалык жагдайга өтө жаман таасир этет деп эскертти. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноо эсептеги айрымачылыктан улам өткөн жекшемби күнү токтотулган эле. 14-июндагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 8 миллиондой адам добуш берген. Шайлоо комиссиясы эки талапкер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла жасалма бюллетенди чыныгы бюллетенден кантип ажыраткандын жолун макулдашканын билдирди. Ооганстандын жаңы президентти 2-августта ант берет деп мерчемделген. Азыр эми добуштар кайра саналып бүткөнчө жаңы президенттин кызматка киришүүсүн күтүү зарыл.