Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Чыгыш Украинада ок атуулар уланууда


Өткөн түнү шахтерлор шаарчасы аталган Лидиевкада жана Донецк шаарынын Бирюзова кичи районунда аткылоолор болду. УНИАН агенттиги жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып, түнү менен жардыруу жана мылтык үнү токтобогонун жазып чыкты.

Донецк шаардык кеңеши жарактан чыккан байланыш түйүндөрү жана электр тармагы кечке чейин калыбына келтирилерин билдирди. Окуядан каза тапкандар же жарат алгандар тууралуу маалыматтар азырынча жок.

«Маалыматтык каршылык» борборунун жетекчиси Дмитрий Тымчук 2-августка караган түнү Луганск аэропорту тарапта да ок атуулар болгонун маалымдады. Ок Орусиянын аймагынан атылганы айтылууда.

Украин бийлиги жакында дагы атайын операцияларды уюштурууга камданып жатканын кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG