Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Кытайдагы зилзаладан жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды


Өлкөнүн түштүк-батыш ыптасындагы күчтүү зилзаладан бери дегенде 367 кишинин өмүрү кыйылып, 1800дөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу мамлекеттик “Синхуа” агенттиги кабарлады.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде жер титирөөгө Юньнан провинциясы кабылган. 3-август күнү түштөн кийин болгон зилзаланын күчү очогунда Рихтер таякчасы боюнча 6,1 баллга жеткен.

Мамлекеттик медиа 12 миңдей имарат кыйрап, 30 миңдейине доо кеткенин, электр зымдары үзүлүп, байланыш каражаттары иштебей калганын маалымдады.

Бийликтер кыйроо болгон аймакка керектүү каражаттар менен 2500ден ашуун аскер, полициянын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча күчтөрүн жөнөттү.

Кытайдын түштүк-батышы зилзала көп катталган аймак. 2008-жылы Сичуань провинциясындагы жер титирөөдө 70 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG