Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Газа тилкесинен төрт кыргыз жараны чыгарылды


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 31-июлда Палестинанын Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын төрт жараны Египетке чыгарылды. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков «Азаттыкка» билдиргендей, 35 жаштагы Ольга Багдади аттуу кыргыз жараны палестиналык адамга турмушка чыгып, ошол жакта жашап жүргөн. Кийинчерээк анын 3 баласы Кыргызстандын жарандыгын алган. Газа тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу Казакстандын жарандары менен биргеликте чыгарылып, Египеттеги туугандарыныкында баш калкалап жатышат.

Тышкы иштер министрлиги бул тилкедеги Кыргызстандын башка жарандары боюнча маалымат такталып жатканын кошумчалады.

8-июлдан бери Газа тилкесинде Израил армиясы палестиндердин ХАМАС кыймылына каршы операция жүргүзүп жатат. БУУнун эсептөөлөрү боюнча, бул операция жүрүшүндө 1300гө жакын палестиналык жана 50 ашык израил жараны набыт болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG