Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстандан дагы үч украин жараны качкын макамын сурады


Украинанын чыгышындагы окуялардан улам дагы үч украин жараны Кыргызстандан качкын макамын сурады. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жарандар 4-августта Бишкекке келишти. Алар Украинанын өкмөттүк күчтөрү орусиячыл жикчилерге каршы аскердик операция жүргүзүп жаткан Луганск облусунун тургундары.

Министрликтин маалыматы боюнча буга чейин 2 украин жараны качкын макамын сурап кайрылган. Бул адамдар тиешелүү шарттарды аткарган соң, Бишкектеги жакындарыныкында баш калкалап жатышат.

Учурда Кыргызстанда 155 адам качкын макамын алган. Алардын басымдуу көпчүлүгү Ооганстандан келгендер. Мындан сырткары 271 адам башкалка сурап кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG