Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Газадагы согуштук аракеттер убактылуу токтоду


Израил менен ХАМАС тын ортосундагы бүгүн эртең менен саат сегизде күчүнө кирген элдешүү жараяны уланууда. Израил армиясынын өкүлү журналисттерге маалымдагандай, аскерлер жана техника Газа тилкесинен чыгарылып жатат. Алардын айрым бөлүктөрү чек аранын Израил тарабында калтырылат.

Жөөт тарап билдиргендей, соңку аскерий операция маалында Газа секторунан Израилди көздөй жашыруун казылган туннелдер толугу менен жок кылынды.

Элдешүү тууралуу макулдашууга Израил менен Палестина Египет сунуштаган планды кабыл алып, эки күндүк сүйлөшүүдөн соң жетишти.

Эки ортодо чатак башталгандан бери эки тарап ок атышууну токтотууну бир нече жолу жарыялашып, бирок ал келишимдер кайра эле бузулуп жатты.

Азыркы уруш башталган 28 күндөн бери 1800дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жөн-жай тургундардын өмүрү кыйылды. Израил 64 жоокерин, үч тургунун жоготту.

XS
SM
MD
LG