Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

ТИМ Беларус элчисинен Бакиевдин сыйланышын түшүндүрүүнү өтүндү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкону чакырып, Апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевди “Эл достугу” ордени менен сыйлоо тууралуу маалыматты тактоону өтүндү.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин жергиликтүү айрым сайттар Беларус президенти Александр Лукашенко Бакиевдин 65 жылдык мааракеси менен куттуктап, орден менен сыйлаганын жазып чыккан.

Беларус элчиси мындай маалыматка ээ эместигин, бул боюнча жакынкы убакытта тактап берерин билдирген.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель окуясынан соң бийликтен кулатылган. Ал ошондон бери Беларуста баш калкалап жүрөт. 25-июлда Аскердик сот Бакиевди 2010-жылы элди атууга буйрук берген деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты. Ага чейин экс-президент президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча да күнөөлүү деп табылып, 24 жылга соттолгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG