Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Акаев орус бийликтеринин кеңешинен улам Бишкекке келген жок


Мурдагы президент Аскар Акаев каза болгон агасы Болоттун тажыясына орус бийликтеринин кеңешинен улам келбей калды. Бул тууралуу бүгүн Акаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов айтып чыкты. Айткуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Аскар Акаев аэропортко келген кезде анын коопсуздугу коркунучта экенин Орусия бийлик өкүлдөрү телефон аркылуу эскертип, Москвада калууну сунушташкан.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай маалыматтан кабары жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин агасы Асанкул Акаев "Азаттыкка" интервьюсунда иниси Аскардын тажияга келбей калышын коопсуздук маселесине байланыштырган.

9 жыл мурун президенттиктен кулаган Акаев бир тууганынын жаназасына катышуу үчүн 5-августта Кыргызстанга келери кабарланып, бирок, белгиленген убакта анын кичүү уулу Илим гана “Манас” аэропортуна келип түшкөнү белгилүү болгон.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат агенттиктери баш прокурор Аида Саляновага таянып, Аскар Акаев Кыргызстанга келе турган болсо, укук коргоо органдары бир катар суроолор менен кайрыла турганын жазып чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG