Египет соту “Мусулман агайындар” кыймылынын саясий канаты саналган “Эркиндик жана адилет партиясын” таратуу боюнча чечим чыгарды. Мындан ары партия шайлоолорго катыша албайт.
Аталган кыймылдын иш алып баруусуна 2013-жылдын сентябрь айында тыюу салынган. Бирок ал партияны таратууга негиз болгон эмес.
“Эркиндик жана адилет партиясы” Египетте 2011-жылкы төңкөрүштөн соң “Мусулман агайындар” тарабынан түзүлгөн болчу. (SE)