Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 22:04

Президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган жеңди


Түркиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы Сади Гювен премьер- министр Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоодо 52% добуш менен жеңгенин жарыялады.

Алгачкы түз добуш берүү аркылуу өткөн шайлоодо Эрдоган жетиштүү добуш топтогонуна байланыштуу экинчи айлампа болбойт.

Түрк маалымат каражаттарынын кабарлашынча саналган добуштардын 52% Эрдоган алса, Ислам кызматташтыгы уюмунун мурдагы баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглуну шайлоочулардын 38,5% колдогон. Тынчтык жана демократия партиясынын төрагасы Селахаттин Демирташ 9,8% добуш жыйнай алды.

Түркия республикасы негизделген 90 жылдан бери президентти парламент шайлап келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG