Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Премьер Малики президент Масумду сотко берет


Премьер-министр Нури Маликиге ишенимдүү аскерлер Багдаддын стратегиялык жактан маанилүү жайларына жайгаштырылды. 10-августта шамдан кийин кээ бир көчөлөр менен көпүрөлөр жабылганын белгисиз калууну өтүнгөн ирактык расмий адам маалымдады.

Мурдараак Малики телекөрсөтүүдөн сүйлөп, жаңы шайланган президент Фуад Масумду ,“конституцияны ачыктан ачык бузганы үчүн” сотко берерин айтты:

- Республика президенти конституцияны эки ирет бузду. Биринчи жолу чоң саясый блоктордон премьер-министрди көрсөтүүсүн сурап конституция чектеген мөөнөттү узарткан.

Апрелдеги парламенттик шайлоодо Малики башындагы коалиция жеңген. Вашингтон Ф. Масумду конституциянынын гаранты катары толук колдоорун билдирген. Малики үчүнчү мөөнөткө премьер-министр болууну каалайт. Бирок исламчыл жихадчылардын жай айларында Ирактын батышы менен түндүгүндө чоң территорияны басып алуусу Маликини премьерликтен баш тартууга үндөгөн чакырыктарга түрткү берди.

XS
SM
MD
LG