Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Канадалыктар Кумтөр боюнча чет жакта сүйлөшүүнү сунушташууда


Бул тууралуу “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов 11-августта билдирди. Анын айтымында, Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча долбоорду аткарууда алга жылыштар бар. Канадалыктар ага байланыштуу бир катар келишимдердин долбоорлорун беришти. Кыргыз тарап аларды изилдеп жатат. Көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн “Центерранын” жетекчилиги Алматы же Стамбулду сунушташууда. Алар “Кыргызалтындын” мурунку башчысы Дилгер Жапаровдун камакка алынуусунан кийин Бишкекке келүүдөн чочулашууда. Кыргыз тарап зарылчылык болсо, чет жакта сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын Токон Мамытов белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG