Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков кызматынан алынды. Мындай буйрукка бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
Мындан мурдараак парламенттеги көпчүлүк коалиция Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мыйзамсыз иштерине байланыштуу 12 аткаминерди кызматтан алуу боюнча премьер-министрге кат жолдошкон болчу. (UEz)